Урмат Усенов — Бай тилек тексти

Көчүрүү (скачать)
1 чи Like басыңыз.

Баёо сезим артта калып,
Балалыктан өттүкпү.
Жан дүйнөмдүн аруу, таза,
Табышмагын төктүкпү.
Ар бир кадам алга карай,
Суроо менен ташталат.
Мындан ары бизде дагы,
Ойлончу кез башталат.
Кайырма:
Күч берчи, кубат бер,
Кубандырып турайын.
Кубалашып кумар менен,
Куттуу үйүн курайын.
Ак берчи, акыл бер,
Адал такка коноюн,
Ата-энемдин ак эмгегин,
Актагандай болоюн.
Өкүнбөймүн, өтүнбөймүн
Кайра тартып бергениң.
Себеп ошол сен да, мен да
Эрезеге келгенмин.
Теңир тиреп, тилек берсе,
Тик аскага асылбай
Акырында бакыт багын,
Багбан жандай асырай
Кайырма:
Турмуш жолу туйласаң да,
Тумарыңдан тарттырбай.
Туткун болбой туу курса да
Сураганың алдырбай.
Актык менен, адал менен,
Алга карай умтулсам,
Алла Таала арнагандан,
Кур кол дайым калтырбай
Кайырма:

Топ 10 популярдуу ыр

Ырдын атыLike саны
Саламат Садыкова. Кыргыз жери тексти жана mp31070
Нурлан Насип - Эне тилде сүйлөйлү тексти528
Сайкал Садыбакасова - Мугалим тексти232
Султан Садыралиев - Адамга адам керек тексти172
Мирлан Баеков - Оксук ыры тексти136
Бекжан Темирхан - Эзилип буттум тексти135
Ak Orgo Boys & AB-92 — Уча бер үмүтүмдүн каркырасы108
Ak Orgo Boys & AB-92 — Апоу103
Жан Сабыров — Жаным сен101
Эрлан Андашев — Өкүнбө тексти101

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт.