Үркөрбү десем айдайсың,
Агарып сүргөн таңдайсың.
Ак жүздүн көркүн чыгарып,
Атайлап бүткөн калдайсың.
Көпөлөк консо жарашкан,
Кызгалдактай жайнайсың.

Чолпонбу десем күндөйсүң,
Чебердеп сайган түрдөйсүң.
Обонго салып ырдаса,
Аргенче тарткан үндөйсүң.
Ар жылы барсам айлына.
Алчалуу бактай бүрдөйсүң.

Зериккен көңүл эргиткен,
Сыдырым соккон желдейсиң.
Оп тартып кайра чыгарган,
Өмүргө шерик демдейсиң.
Өлкөнүн мисир байлыгы,
Өзөндө алтын кендейсиң.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *