Кайырма:
Төкчү, төкчү жазгы жамгыр,
Сүйгөнүмдүн арманын
Нөшөрүңө дирилдеген,
Жалбырактар ыйласын
Жакшы көрөм, жаздын жытын,
Кызгалдактар аңкыган.
Делебелди козгоп келет,
Жаз жамгыры тамчыга.
Экөөбүздүн сүйүүбүздү,
Алыс дагы жашынган
Ачкым келет жан сырымды,
Жалбырактар жашырган.
Кайырма:
Төкчү, төкчү жазгы жамгыр,
Сүйгөнүмдүн арманын
Нөшөрүңө дирилдеген,
Жалбырактар ыйласын
Көргөнсүймүн элесиңди,
Ак куу сымал учкансыйт
Жоогазындай кош көздөрүң,
Мага карап тургансыйт.
Сырдуу бакта басчу элек,
Кыялдарга чөмүлүп.
Сагындырат ошол күндөр
Ак жамгырдай төгүлүп.
Сүйөм десең жүрөк туйлап.
Мен бактылуу сеземин
Кайда кеттиң ошондогу
Махабаттын бөлүмү
Кайырма:
КЫЗ — БУРАК тобу — Төкчү, төкчү тексти
Датасы: 16.10.2020 Көрүүлөр: 797