Алган жарын аярлап коргобосо
Жубай болуп жолдошун колдобосо
Уул кызынын эртенин ойлобосо
Анда сүйбө сүйүүгө тийбегиле
Кайырма:
Үй-бүлөнү курманга чалбагыла
Үмүтү жок жашоо куруп албагыла
Махабаттын мыйзамына тийбегиле
Колуңардан келбейби сүйбөгүлө
Үй-бүлөдөн түндүктү курабаса
Ал түндүктөн түнү булабаса
Имерилип балдарын сагынбаса
Анда сүйбө сүйүүгө тийбегиле
Кайырма:
Үй-бүлөнү курманга чалбагыла
Үмүтү жок жашоо куруп албагыла
Махабаттын мыйзамына тийбегиле
Колуңардан келбейби сүйбөгүлө
Пайгамбардын үммөттүн көбөйтпөсө
Пайдасы жок күндөрүң көп өтпөсө
Ата-Баба салтына баш ийбесе
Анда сүйбө сүйүүгө тийбегиле
Кайырма:
Үй-бүлөнү курманга чалбагыла
Үмүтү жок жашоо куруп албагыла
Махабаттын мыйзамына тийбегиле
Колуңардан келбейби сүйбөгүлө
Ырдын текстинин автору ким? Жазып койсоңор жакшы болмок. Элмирбек Иманалиевдин саптары аралашып жүрөт, ушинтип ыр чыгара ьерсе болобу?!