Ошко бүгүн барам жолун табам
Сен дегенде күйүп жанам
Аэропортто турам бир аздан соң
Самолёттон орун алам
Дарегиңди жазып жөнөтөсүң
Маани бербейм ар кебиңе
Күттүрбөстөн мени тосуп алгын
Бара албайм Баткениңе
К.а
Ош Баткен жолдор узак экен
Бара жатам Сүлүктүгө жайып кучак кең
Баткен Ош болбо көңүл кош
Жүрөгүмдө сизге деген жалгыз орун бош
Сезимдердин кирип аралына
Тойбойт көзүм жамалыңа
Шаардыксың деп мени ойлой бербе
Жооп берем талабыңа
Чачсам деймин жарык жолдоруңа
Кубат болом колдоруңа
Айланса дейм бизди кезиктирген
Баткен сүйүү борборуна