Таптаза көркөм ачылып,
Жыпар жыт аңкып чачылып.
Жайнаган кызыл гүл көрдүм,
Жетпедим сага ашыгып.

Жетээрде сага кол сунуп,
Үн уктум чыккан кубулжуп.
Бар экен гүлдүн булбулу,
Жетпедим көптөн умтулуп.

Жайнай бер көркөм кызыл гүл
Жабыкпас болуп ачып жүр.
Кечиктим кантем, кош эми,
Сураарым кез-кез эстей жүр. 2 жолу

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *