Датасы: 26.10.2020
Формат: mp3

Акылга салып ченесем,
Ай-аалам болот бересен.
Ата Журт менен барабар,
Акталгыс түйшүк, энекем.
Кайырма:
Бешиктен чыкпай, терметсең,
Бересем үчүн жер безем.
Сөзүмө турам ар дайым,
Кымбатым, сүйкүм энекем.
Каныңдан бөлүп төрөсөң,
Кагылып, сүйүп бөлөсөң.
Кош тамчы сүтүң ойлосом,
Кол жеткис асман, берекем.
Кайырма:
Койгондо чекке кең мекен,
Колуңдан узап мен кетем.
Карегиң талып турса да,
Күтөсүң күнүм, энекем.
Кайырма:

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *