Мүнүшкөр аудиосун угуу

Илгери-илгери он жети жашар мүнүшкөр бир байдын үйүнө келип консо бир бүркүт турат. Эртең менен бай байбичеси экөө желеге бээ байлайлы деп кетишет. Бала бүркүткө карап:

-Кайран асыл, билген кишинин колуна тийбей, билбес кишинин колуна тийипсиң,-деп сүйлөнөт.

Анын сөзүн угуп калган бир бала байга барып:

-Үйдөгү конок бала бүркүттү “кайран асыл, билген кишинин колуна тийбей, билбес кишинин колуна тийип калыпсың”-деп жатат,-дейт.

Балага келип бай:

— Бүркүттү таптап бергин,-дейт.

— Бүркүттү таптоону билбеймин,-дейт бала.

— Балам, ушул бүркүттү таптап берсең, кызымды сага беремин,-дейт бай.

Ошондо бала макул болуп:

-Эки жыл туу калган бээ тап, бир боз үй тиктирип коюңуз, ал үйдүн ичинде эч нерсе болбосун, ага бүркүттү коёмун жана бээни союп этин киргиземин,-дейт. Бай эки жыл туу калган бээни алып келет жана бир үйдү тиктирип даярдайт, үйдүн ичине эч нерсе койдурбайт.

Бала бээни сойдурат, аны бүтүн үйгө киргиздирет. Бүркүттү да кийирип байлабай бош коет. Ал чыгып кетпей турган кылып үйдү жылчыгы жок бекитет. Ошентип бүркүттү камап коет да, кээде гана суу берип коюп жүрөт. Бүркүт бээнин этин жеп бүтүп, семизинен басалбай калат. Бала: “Басалбай калган бүркүт таптоого оңой болот” деп, таптай баштайт. Бир ай таптагандан кийин аны түлкүгө салуу үчүн алып чыгат. Бир топ киши менен бала кыдырып жүрсө, бир кара түлкү чыга качат да, бүркүттү көрө салып тиктеп туруп калат, ал жөн түлкү эмес калтар экен. Бала бүркүттүн томогосун башынан алат да, бирок бүркүттө калтарга салбай томогосун кайра кийгизип коет. Бала менен бирге жүргөн кишилер: “Бүркүттү эмне салбайт?” деп таң калышат.

Бала бүркүттү томогосун дагы башынан шыпырып алып, бүркүттү салбай томогосун кайра кийгизип коет. Баланын жолдоштору “бул бала бүркүтүн эмне салбайт, калтарды бизге ыраа көрбөй турат го” дешип наалышат.

Бала томогону алып бүркүттү шилтейт. Бүркүт калтарга карабай асманга кетет. Калтар болсо алдыңкы эки бутун көтөрүп асманды тиктеп калат. Бүркүт өтө бийик көтөрүлүп, карааны көзгө көрүнбөй үлбүлдөп калган кезде шукшурулуп тик сайылып келип калтарды башынан мыкчый кармап көккө көтөрүлдү да, жерге таштап жиберди. Калтарды алышкандан кийин жолдоштору:
— Эки жолу бүркүттүн томогосун алдың, бирок салбадың, үчүнчү жолу гана салдың, мунун себеби кандай?-деп баладан сурашат.

— Биринчи жолу асыл менен асыл кантип беттешет деп бүркүттү калтарга салууга колум барбады. Экинчи жолу асылды асыл кантип кыят деп салууга колум барбады, үчүнчүсүндө тобокел деп чымырканып туруп бүркүтүмдү кое бердим, бүркүттүн асманга бийик чыкканынын себеби, ал канчалык бийик көтөрүлсө, ошончолук тиктей берип түлкүнүн көзүнө жаш толот, качырып келе жаткан бүркүттү көрбөй калат. Акчекир деген бүркүт ушул,-деди бала.

Эл: “Чынында байдын кызы балага ылайык экен” дешип, баланы үйлөндүрүп-жайландырып коюшат.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
БУГУ ЭНЕ(«Ак кеме» повестинен үзүндү)81
Алия менен жылкы44
Карышкыр менен эчки44
Карышкыр жана жети улак37
Акылдуу балдар31
Акылдуу кыз жомок27
Кыска жана күлкүлүү жомоктор24
Акылдуу кыз17
Нооруз жөнүндө жомок16
Аяз ата14

Мүнүшкөр: 2 комментарий

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *