Өттү арадан көп убакыт билинбей,
Биз сыр чечтик бир орундан кетпестен.
Ар кимибиз ар башканы айтыштык,
Терең сырдын так түбүнө жетпестен.

Ооба, — дедиң, — сүйүү кыйын баарынан!
Мен да айттым: «Аның чын го билемин».
Махабатым күндөн күнге артылды,
Тынчтык бербей сенин ысык илебиң.

Чынын айтсам сенден артык жокко окшоп
Ал кездерде бир башкача өндөндүн.
Ай күбөдүр, мен жалбарын айткамын:
«Болсон бол сүйгөн жарым өзүмдүн!

«Жок, — дедин да, — якакшы көрөм сени да,
Капа болбо, бирок башка сүйгөнүм.
Алыстабай айдай жарык элесин,
Амал канча, жалыныңа күйгөмүн!

Один комментарий к “Жалыныңа күйгөмүн тексти”

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *