Маймыл, жылан жана коён

Илгери, илгери жаныбарлар да кишилердей эле сүйлөшкөн убакта бир маймыл жашаптыр.

Бир күн тамак таап, өзөк жалгаганга бирдеме издеп чыгат. Дөбөгө чыгып, күн чубакта какталып жаткан ташты оодарып, алдынан толгон курт-кумурска, коңуздарды таап, жакшылап курсагын тойгузду. Дагы жөнөдү.

Бара берет. Бир аздан кийин дагы бир таш көрөт. Алдында басылып олчойгон жылан жатыптыр, араң эле жаны бар.

Жылан маймылга жалынып сурана баштады:

— О, атамдын баласы, бир боорум, бул ташты оодарып, мени бошотуп кой. Жардамыңды аяй көрбө!

Маймыл аракеттенип ташты көтөрүп, жыланды бошотуп койду.

Жылан таштын астынан сойлоп чыга электе маймылга ороло калып, жутмак болду. Маймыл кыйкырып, эми ал жыландын коё берип коюусун суранып жалына баштады. Бирок жыландын угайын деген түрү жок. Бир коён ошол кезде анын багына жакындан өтүп калбаспы. Байкуш маймыл коёнду жардамга чакырып, жылан экөөнүн маселесин чечип берүүнү сурап чыркырады. Жылан да, маймыл да өз алдынча кандай окуя болгонун айтып беришти, коён ойлонуп туруп жооп берди:

— Бирдеме түшүнсөм буюрбасын! Жылан, маймыл сени биринчи көргөндөгүдөй таштын астына жат, кандай болгонун өз көзүм менен көрмөйүнчө ишене албайм.

Коёндун айтканы аткарылды. Жылан жатты, коён чоң жалпак таш менен үстүнөн бастырды. Анан коён маймылга кайрылды:

— Эми эжеке, акылың болсо алыска кач!

Жыланды таш астына калтырган бойдон экөө эки жакка качып кетишти.

  •  
  •  
  •  
  •  
  •  
  •  
  •  

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.