Дарактын жалбырагын самагандай
Күн санап күтүп келем көрүнбөйсүң
Булуттан чыга калчу жарыгымдай
Бурганак ойлорумдан бөлүңбөйсүң
Кайырма:
Күтөмүн күтөмүн эч чарчабай
Сен гана бакытымдай сезилесиң
Агарса мейли агарсын бир чач калбай
Күтүү бакыт күтө берем кезигерсиң
Окшошбуз карап турсам өзүмдөсүң
Мен үчүн балалык кезимдейсиң
Мерезиң болсо эгер аска тоодой
А өзүң карегимсиң көзүмдөйсүң
Үмүтүм бар алоолонуп жалындаган
Кыялым бар сүйсө дагы жалынбаган
Күттүргөндү жакшы көргөн жан окшойсуң
Ичке катып сыртына жарылбаган
Майрамбек Осмонов — Күтүү бакыты тексти
Датасы: 25.05.2022 Көрүүлөр: 1848