Жоодурап жолукканда күлүп койгон
Үмүттү үстү үстүнө үйүп койгон
Татына карындашым айтсаң боло
Үмүтүм калабы эми үмүт бойдон
Ооздуктоо орундабас тилегимди
Оп тарткан оттой ысык илебиңди
Батымбай мен эмнеге тартынамын
Ошонун жообун айтчы билеминби
Көңүлүм оттой ысык күлүп койгон
Көрсөтпөй көп ойлорду түйүп койгон
Сен аны сезбесең да садагасы
Сени мен менчик кылып сүйүп койгом