Датасы: 06.09.2020
Формат: mp3

Жылуулук дүйнө сендеги,
Жүрөктүн кылын термеди.
Сүйүүнү кайдан сезмекмин,
Сүйбөсөм эгер мен сени?
Көркүңө жоктой теңдеши,
Көңүлдүн сүйгөн эркеси.
Бакытты кайдан сезмекмин,
Байкабай калсам мен сени?
Жүрөктүн сезбей арзуусун,
Турмуштун баспай ашуусун.
Өтмөкмүн сени көрбөсөм,
Өмүрдүн сезбей таттуусун.

Максат Кыштобаев — Жүрөк сыры тексти: 24 комментарий

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *