Датасы: 27.09.2024
Формат: mp3

Сулуулукту берген экен

Арнап сага кудайым

Жаралыпсың бул ааламга

Теңдеши жок күн айдын

Күлсөң күлкүң шынгыр муукам

Добушумдай улаардын

Сени тапкам барктап баккан ата-энең ким айым

Кайырма

Аттиң ай

Моокум канбай турсам карап

Көздөрүң кош карагат

Сүрөттөшкө сөз таба албай

Көктөгү перисиң атаганат

Кантемин ай күлө карап

Басып кеттиң наздана

Ал ансайын эт жүрөгүм

Мунайыңкы башкача

Көмүскөдөгү махабаттын

Сендей балы таптаза

Келчи мага таңдай татым

Ак сүйүүңдөн аз гана

Сүрөттүңдү тартайынчы

Көз алдыман кетпеген

Элесиң ай күлүп турат

Сагынганда жетпеген

Саагынуудан кусалуудан

Сүрөттүңө термелеп

Мен ошол шок бир жигит

Сен деп гана дегдеген

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *