Датасы: 09.08.2022
Формат: mp3

Көзүңдөн сезем сүйбөйсүң
Көңүлүм кыйбай жүрөсүң
Сүйүүдөн сөздөн баштасам да
Сүйлөбөй аста күлөсүң

Кайырма:
Сүйүшүп аз го табышкан
Сүйүүнүн салты тарыхтан
Сүйгөндөн качып алыстап
Сүйбөгөн жанга жабышкан

Жактырбайт мени жүрөгүң
Жанымда кыйбай жүрөсүң
Жылуулук күтсөм мен сенден
Жылмайып мага күлөсүң

Байралып анан ыйлайсың
Байкелеп мени сыйлайсың
Карабай келчи суранам да
Канчага мынтип кыйнайсың


Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *