Датасы: 05.10.2020
Формат: mp3

Ысык-Көл жээгине сейилге чыктым,
Ысымын сулуунун ар жерден уктум.
Калагым кайыкта толкунду шилейт,
Толкундар баары эле,
«Жамиля, сен кайда, кайдасыӊ?» дешет.
Баратам кайыкта термелип, тездеп,
Бакытка термелткен сулууну эӊсеп.
Үстүмдөн булуттар буулугуп өчөт,
Булуттар баары эле,
«Жамиля, сен кайда, кайдасыӊ?» дешет.
Ай айтты, күн айтты асылдын атын,
Алтынга, каухарга алмашпас затың.
Анда да жүрөгүм зырп эте түшөт,
Баары эле, «Жамиля, сен кайда, кайдасыӊ?» дешет.

Малик Аликеев — Жамиля тексти: 2 комментарий

  1. Мен Малик Аликеевди сыйлап, урматтап, ырларын баалап эргуу менен угам. Арман эрте, жаш кетип калганы окунучтуу болду.

  2. Мен Малик Аликеевди сыйлап, урматтап, ырларын баалап эргуу менен угам. Арман эрте, жаш кетип калганы окунучтуу болду.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *