Датасы: 05.08.2020
Формат: mp3

Жар болгом нике буюруп түбөлүк,
Кош жүрөк ынтымакка бөлөнүп.
Улуулар жолун жолдоп биз дагы,
Жашайлы, жашайлы ынтымакка бөлөнүп.

Кайырма:
Суранам, суранам,
Тагдыр, бизди түбөлүк,
Айрыба, айрыба,
Бирге өмүр сүрөлү.

Биз эми экөө эмес, бирөөбүз,
Анткени азыр бир үй-бүлөбүз.
Өтөлү, өтөлү эриш-аркак сыйлашып,
Кут болсун, кут болсун ак никебиз түбөлүк.

Кайырма:
Суранам, суранам,
Тагдыр, бизди түбөлүк,
Айрыба, айрыба,
Бирге өмүр сүрөлү.

Бүгүн той, курбу-курдаш ырдасын,
Бий бийлеп кубанышсын, жыргасын.
Ушул күн, ушул күн ыйык бизге ар дайым,
Жар болуп, жар болуп жактырганым кыйбасым.

Кайырма:

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *