Датасы: 01.02.2022
Формат: mp3

Азыр барып сиз жөнүндө ыр жазам
Издеп издеп таап ширин сөздөрдү
Кыялданып журөк менен сырдашам
Шылтоо кылып жалт караган көздөрдү

Кайырма:

Ошол көздөр мени кылган бактылуу
Карегимди жууп өтөт жайыктай
Жалгыз гана өзүңүздү жактыруу
Жүрөгүмдө жашап жүрөт айыкбай

Кандай асыл кандай жакшы адамсыз
Сиз бар үчүн мага жакшы тирүлүк
Сиз бар үчүн дүйнөм түгөл сыяктуу
Сиз бар үчүн жашап жүрөм сүйүнүп

Ушул ырды жалгыз гана сизге арнап
Сизди карап сизге гана аярлап
Анткен менен сизге сырым билгизбей
Сыртыңыздан суйуп журөм абайлап

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *