Өмүрдүн жолунда, ойлогон оюмда
Чын сүйүп тапканым сен
Гүл ачып көнүлдөн, нур жанып жүрөктөн
Ыр кылып жазганым мен
Бир болуп оюбуз, көздөгөн жолубуз
Сырдашып алганым сен
Жан дүйнөм кубанып, күндөрум уланып
Жалгызым сени менен
Кайырма:
А сен болбосон жарыгы жок дүйнөнүн
Кун нурундай мага күлгөнүң
Жаным кандай бакыт бирге өмүр сүргөнүм
Тилеги бир биздин бүлөнүн
А сен болбосон кызыгы жок дүйнөнүн
Сүйүү сонун сүйсө сүйгөнүң,
Жаным кандай бакыт балдарыбыз күлгөну
Жаныбызда ойноп жүргөнү
Жанырган күнүбзз, чертилип сүйүүбүз
Жашасын түбөлүкө
Жошоомо белегим, жаныма керегим
Айым сен түндөрүмө
Күч берип сезимге, дем кошуп демиме
Жашай бер жүрөгүмдө
Тагдырда ар мүнөт, дайым эки жүрөк
Бир болсун эки дүйнө




