Гүлдөр жайнап аңкып турса ыргалып,
Көңүл эргип эчен күлдүк, ырдадык.
Биз эч качан айрылбайбыз дечү элек,
Кумар канбай, жал-жал карап, жылмайып.
Ал кез кетти койбой тынч алып,
Көңүлдөргө кайгы-муң чалып.
Жаным, сен жок, эл көп болсо да,
Жалгызсырап жүрөм сумсайып.
Бак жашарган, бак жасанган күндөрдө,
Бажырайып жылдыз толгон түндөрдө.
Биз эч качан кайгырбайбыз дечү элек,
Кол кармашып бирге ойноп жүргөндө.
А биз анда оттой жаныппыз,
Биз тагдырды такыр таныппыз.
Жанашарга айла таппадым,
Жакын жүргөн менен, алыспыз.
Эркелетип сени тоонун кушундай,
Жүрө албадым сени колдон учурбай.
Тагдыр деген татаал экен, кантейин?
Турмуш деген татаал экен ушундай.
Унутпаймын эсим барында,
Жүрөгүмдө сезим барында.
Сен таарынсаң таарын тагдырга,
Бирок, жаным, мага таарынба.
Мээрим Карыпова — Унутпаймын тексти
Датасы: 29.09.2020 Көрүүлөр: 690