Мирбек Атабеков — Айтыңыз маарек болсун! тексти

Көчүрүү (скачать)

Жаратканга жакын экен,
Айт майрамы асыл экен.
Курман чалсаң кутуласың,
Балээлерден башың эсен.
Жаратканды унуткандын,
Жан дүйнөсү жакыр экен.
Кулдугу бар, сыймыгы бар,
Кыргыз эли баатыр экен.
Кайырма
Айтыңыз маарек,
Айтыңыз маарек,
Куттуу болсун майрамыңыз!
Ала-Тоосу бийик болуп,
Көкүрөккө үмүт толуп.
Маарек болсун айтыңар деп,
Ак батасы тунук болуп.
Улуулары урмат кылса,
Кичүүлөрү сылык болуп.
Кылымдардан келе жатабыз,
Кыргыз деген улут болуп.
Кайырма
Айтыңыз маарек,
Айтыңыз маарек,
Куттуу болсун майрамыңыз!

Топ 10 популярдуу ыр

Ырдын атыLike саны
Саламат Садыкова. Кыргыз жери тексти жана mp3982
Сайкал Садыбакасова - Мугалим тексти349
Гульнур Сатылганова - Туулган жерди сагынуу тексти192
Султан Садыралиев - Адамга адам керек тексти145
Бекжан Темирхан - Эзилип буттум тексти144
Мирлан Баеков - Оксук ыры тексти135
Данияр Эрматов - Мен кыргызмын тексти100
Эрлан Андашев — Өкүнбө тексти100
Улан Осмон уулу - ДОКЕ тексти92
Нурлан Насип - Токтогулга кетесиңби тексти91

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт.