Сөзү: Кыялбек Урманбетов
Обону: Бакыт Алишеров
Боройлоп турмуш кыш болсо
Жалындап оттой жагылган — Эне
Тирүүлүк эгер куш болсо
Канаты болуп кагылган — Эне
Өмүрдүн болуп тиреги
Дүйнөгө тынчтык тилеги
Эң назик эне жүрөгү
Оорутпай эле жүрөлү
Ырыскы-таалай, жалпыга калай
Амандык тилеп, айтылып келет далай
Энекебай, көп жаша
Жанда жүргөнүң береке
Бир өзүнө болоюн көлөкө
Жаралган жалын жүрөктөн
Аруу тилектен
Ырымды ушул кабыл алгын, Энеке
Ажайып белек берели
Ала-Тоо гүлүн терели
Төгүлүп күндөй мээрими
Ардактап дайым келели
Жылдызды карай, канатты сабай
Кайталап ырдай беремин уктабай
Эгер сиз бул материалдын укук ээси болсоңуз жана өчүрүүнү кааласаңыз, бул баракча аркылуу байланышыңыз.