Датасы: 24.09.2020
Формат: mp3

Кайкып учкан канаты бар
Ак булуттун арасынан кезиккен
Катарыңда жүрдүм эле кагылып
Кайда кеттиң жүрөгүмдү эзип сен
Көк асмандай ачыктыгынды сүйүп мен
Көлдөй толкуп көңүлүбүз бириккен
Көктө сызган куштан кабар жиберем
Көкөлөбөй түшүп келчи бийиктен

Кайырма:

Асмандагы периштем асмандагы
Азабыңдан арманга батсам дагы
Ачык болуп жолуң дайым кара булут тозбосун
Акыркы бул балким коштошуу

Арылбастан сага деген сагыныч
Айтылбастан калды канча жалыныч
Желде сызып кыдыралы дүйнөнү
Жерге түшкөн жанды кайра алып уч

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *