Датасы: 10.10.2020
Формат: mp3

Билемин сүйүүм сага түбөлүккө сакталат,
Жашоонун жарык нуру бир өзүңө арналат.
Сүйүүмдүн ачылбаган барактары өзүң менен го,
Жазгы таңдан нур төктүң го,
Жан дүйнөмдү гүлдөттүң ай, ай,
Асманда толуп турган айдай,
Агарып жаркыраган таңдай,
Түбөлүк жүрчү мени жандай,
Жаныңда болуу бакыт кандай,
Өзүңдү сүйө берем танбай,
Өмүрдү жалгыз сага арнай.
Сен десем сезимимде канат байлап уча алам,
Сезилет бир өзүңдөн жаралгандай бүт аалам.
Гүлүмдүн жыпар чачып жаңы ачканы өзүң элең го,
Жазгы таңдай нур төктүң го,
Жаныңан гүлдөттүң ай, ай,
Асманда толуп турган айдай,
Агарып жаркыраган таңдай,
Түбөлүк жүрчү мени жандай,
Жаныңда болуу — бакыт кандай,
Өзүңдү сүйө берем танбай,
Өмүрдү жалгыз сага арнай.

Один комментарий к “Мирбек Атабеков — Сүйүүм сакталат тексти”

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *