Мирлан Баеков — Алгачкы жамгыр тексти

Көчүрүү (скачать)
1 чи Like басыңыз.

Биз кездешкен ошол күнү,
Алгачкы жамгыр жаап турду.
Махабаттан мас болгонмун,
Алгачкы жан соолуктурду.
Сага деген сагынычым,
Жүрөгүмө толуп турду.
Кыялымда кыдырсак деп,
Жаз келгенде барып кырды.
Жазда келип эшик каксам,
Жаш жүрөгүң жабык турду.

Кайырма:
Кездешуу кайда таңдагы,
Калп беле сөздөр андагы.
Эсиме сени салганы,
Алгачкы жамгыр жааганы.

Жан дүйнөмдү дирилдеттин,
Жашоомо келип кеттин.
Чырак болуп жарык чачып,
Чын сүйүүгө ээликтеттин.
Коштошоордо колун кармап,
Ак жолугун берип кеттин.
Таалайыбыз кошулбады,
Тагдырыма кейип кеттим.
Ак жоолугун аппак сезим,
Ала кардай эрип кетти.

Кайырма:

Күндөй жарык күйүп туруп,
Күйүт салдын күлүп туруп.
Кучагымдан чыгып кеттин,
Кубанганым билип туруп.
Жашоомду сен деп жүргөм,
Жан дүйнөмдү ийип туруп.
Жүзүң буруп кетип калдын.
Жүрөгүмдү тилип туруп.
Сезимдин сересинде,
Сен экенин билип туруп.

Кайырма:

Ушул жумадагы 10 популярдуу ыр

TitleLike Count
Нурмат Садыров - Жүрөктө Менин Арманым тексти298
Бекжан Темирхан - Эзилип буттум тексти112
Султан Садыралиев - Адамга адам керек тексти56
Нурлан Насип - Кыргызстан тексти25
Данияр Эрматов - Жолуккум келет тексти23
Зарлык Камбаралиев, Айганыш Абдиева - Сен менде ганасын тексти10
Мирлан Баеков - Оксук ыры тексти10
Кызсайкал Кабылова - Мен сизди унутушум керек эле тексти8
Гүлжигит Сатыбеков. Кара каш тексти жана mp36
Самара Каримова. Кыз узатуу тексти жана mp36

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.