Өмүр менен жашымды,
Арнаймын деп мен элге.
Мен да жүрөм мекендин,
Эң керектүү жеринде.
Өтүп жаткан өмүрдү,
Токтотууга ал кайда?
Ага болгон кумарым,
Жашарткандай ал кайра.
Кайырма:
Түйшүктөнүп кайра эле,
Түбү бүтпөс санаамдын.
Ошон үчүн тирүүмүн,
Ошон үчүн адаммын.
Мен өмүрдүн четинен,
Кетилгенин сезгенде.
Мазем кетип жанымды,
Батыра албайм эч жерге…
Күндөр жылат агылып,
Жамгыр төгүп өткөндөй.
Жашай албай сагынып,
Жазды күткөн көктөмдөй.
Эмне мынча кызылдап,
Калуучудай кечигип?
Ал ансайын четинен,
Өмүр барат кетилип.
Кайырма:
Өнүп чыккан гүл көрдүм,
Басып өткөн изимден.
Муңум тарап көңүлдөн,
Топук кылам ичимден.
Ошон үчүн тирүүмүн,
Ошон үчүн адаммын…
Мирлан Баеков — Каниет ыры тексти
Датасы: 29.10.2020 Көрүүлөр: 4062