Мирлан Баеков — Каниет ыры тексти

Көчүрүү (скачать)

Өмүр менен жашымды,
Арнаймын деп мен элге.
Мен да жүрөм мекендин,
Эң керектүү жеринде.
Өтүп жаткан өмүрдү,
Токтотууга ал кайда?
Ага болгон кумарым,
Жашарткандай ал кайра.

Кайырма:

Түйшүктөнүп кайра эле,
Түбү бүтпөс санаамдын.
Ошон үчүн тирүүмүн,
Ошон үчүн адаммын.
Мен өмүрдүн четинен,
Кетилгенин сезгенде.
Мазем кетип жанымды,
Батыра албайм эч жерге…

Күндөр жылат агылып,
Жамгыр төгүп өткөндөй.
Жашай албай сагынып,
Жазды күткөн көктөмдөй.
Эмне мынча кызылдап,
Калуучудай кечигип?
Ал ансайын четинен,
Өмүр барат кетилип.

Кайырма:

Өнүп чыккан гүл көрдүм,
Басып өткөн изимден.
Муңум тарап көңүлдөн,
Топук кылам ичимден.
Ошон үчүн тирүүмүн,
Ошон үчүн адаммын..

Топ 10 популярдуу ыр

Ырдын атыLike саны
Нурлан Насип - Эне тилде сүйлөйлү тексти1600
Бекжан Темирхан - Эзилип буттум тексти305
Султан Садыралиев - Адамга адам керек тексти189
Алмаз Шаадаев - Айрылып кеттин алыска тексти110
Султан Садыралиев - Күнөөмдү кечир, Алла тексти74
Мирлан Баеков - Оксук ыры тексти73
Кызсайкал Кабылова - Атыныз жашайт тексти67
Сыймык Бейшекеев - Таарынба тексти67
Айганыш Абдиева — Коё бер тексти62
Зарлык Камбаралиев, Айганыш Абдиева - Сен менде ганасын тексти48

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт.