Көрө албастар көргөндөй айтат,
Көңүл бөлбөй көп жүргүн байкап.
Көксөбөдүм сенден башканы,
Көздөрүңдөн алгансың арбап.
Кайырма:
Мен өзүңдөн алыс чыкканда,
Ишенбечи ушак уксаң да.
Жаным, жаным, жаным, кызганба,
Жашоом бирге, жаным садага.
Азгырышат, ар кандай айтат,
Алыс жүргүн андайдан байкап.
Алмаштырбайм сени башкага,
Аппак сүйүүм — өчпөс махабат.
Кайырма:
Мен өзүңдөн алыс чыкканда,
Ишенбечи ушак уксаң да.
Гүлүм, гүлүм, гүлүм, кызганба,
Гүл сунбаймын башка кыздарга.
Мирлан Баеков — Кызганба тексти
Датасы: 08.10.2020 Көрүүлөр: 2144
Один комментарий к “Мирлан Баеков — Кызганба тексти”