Датасы: 08.08.2020
Формат: mp3

Жаз ырымды ачайын
Жандап келдиң жаз айым
Сагынычтан чарчаган
Саламымды айтайын
Кейигеним айтайын
Кирип келдиң жаз айым
Сусап турам сөзүңө
Сурап койчу ал жайын

Кайырма:

Өрүк гүлүн төккөндө
Жаз бетиңден өпкөндө
Неге жаным келем дедиң
Алдадың
Алма гүлүн төккөндө
Ак жамгырлар өткөндө
Анда дагы келем дедиң
Алдадың

Жашыл кийди Ала-Тоо
Жасанганы сага го
Жүзүң ачты байчечек
Жетип келчи садага го
Жомогубуз баяндуу
Жоромого айланды
Аалам сенсиз караңгы
Алып келчи майрамды

Кайырма:

Ак сүйүүмдү кучакта
Кайрылчы бир өткөндө
Келчи күтөм көктөмдө

Кайырма:





Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *