Жүрөккө сактап тумардай,
Жүрөмүн эстен чыгарбай.
Балалык таза сүйүүмдү,
Дагы эле турам кыя албай.
Сагынткан сезим санаамдай,
Саргайып келем таба албай
Коногу болуп өмүрдүн,
Колумдан учту кармалбай.
Кайырма:
Бир гана өзүң деген,
Билинбей дирилдеген,
Биринчи сүйүүмдү мен кыйбаймын,
Балалык сүйүүм анан,
Алыстап сенден барам
Кайрылбай кеткен сени кыйбаймын
Көзүмдөн учуп карааның,
Көңүлдүн отун жагамын.
Алгачкы сүйүүм сагынткан,
Айтчы эми кайдан табамын
Өмүрдө болот жаңылуу,
Өлчөөсү чексиз кайгыруу.
Жолуңдан канча күтсөм да,
Жолугуу арты айрылуу
Кайырма:
Мирлан Жетигенов — Кыйбаймын тексти
Датасы: 05.10.2020 Көрүүлөр: 114