Датасы: 27.06.2022
Формат: mp3

Көгүлтүр көлдүн бетинде,
Кайыкта жүрдүк кечинде.
Калкылдап сүзүп баратып,
Каралдым дедиң эсимде.
Кайыкта сүзүп баратып,
Сүйөмүн дедиң эсимде.
Кечээги күндөр эсимде,
Келбедиң күттүм кечинде.
Кайдасың, азыр кайдасың?
Элесиң турат эсимде.
Кайдасың, азыр кайдасың?
Күтөмүн көлдүн жээгинде.
Көлүмдө сүйүү түптөлүп,
Махабат бизге жүктөлүп
Ортомчу болду Ысык-Көл,
Сүйүүгө бизге күч берип.
Калкылдап сүзүп баратып,
Каралдым дедиң эсимде.
Кайыкта сүзүп баратып,
Сүйөмүн дедиң эсимде.

Клип — Ортомчу бизге Ысык-Көл

Один комментарий к “Мирзат Муканов, Айзуура Иманалиева — Ортомчу бизге Ысык-Көл тексти”

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *