Что любит Мишка


Автор: Виктор Драгунский

Бир жолу биз Мишка экөөбүз ырдоо сабагы болгон залга кирдик. Борис Сергеевич өзүнүн роялында отуруп, акырын бир нерсени ойноп жатыптыр. Мишка экөөбүз терезенин текчесине отуруп, ага тоскоол болбойлу деп тыңдап отуруп калдык. Ал да бизди байкаган жок, ойноп жаткан музыкасын уланта берди, салааларынан ар кандай обондор чыгып жатты. Ал обон жүрөккө жакын болуп, жагымдуу жана кубанычтуу угулуп жатты. Мага абдан жагып жатты, мен муну көпкө отуруп уга бермекмин. Бирок Борис Сергеевич ойногонун токтотту. Ал роялдын капкагын жаап, бизди көрдү да, кубанычтуу сүйлөдү:

– О, кимдер келип калган? Бутакта отурган

эки таранчыдай болуп отурушканын! Кана, эмне айтасыңар?

Мен сурадым:

– Борис Сергеевич, сиз азыр кайсы музыканы ойнодуңуз,

Ал:

– Бул шопен. Мен аны абдан жакшы көрөм.

Мен:

– Албетте, ырдоо мугалими болгондуктан, сиз ар кандай ырларды жакшы көрөсүз да.

Ал:

– Бул жөн эле музыка эмес. Ооба, ырларды деле жакшы көрөм, бирок бул ыр эмес. Мен ойногон нерсе жөн эле “ыр” эмес, бир топ бийик сөз менен айтылат.

Мен:

– Кайсы сөз менен анда?

Ал:

– Му-зы-ка. Шопен – улуу композитор. Ал абдан мыкты музыка жараткан. А мен дүйнөдө музыканы баарынан жакшы көрөм.

Ушул учурда ал мени абдан көңүл коюп карады да, мындай деди:

– А сенчи, сен эмнени баарынан жакшы көрөсүң?

– Мен көп нерсени жакшы көрөм, – дедим да, эмнени жакшы көрсөм, ошонун баарын айтып кирдим. Итти, сүрүп жылмалоо, пилдин баласы, кызыл атчан аскерлер, кызгылт туякчалары менен кичинекей эликбагыштар (лань), байыркы жоокерлер, салкын жылдыздар, жылкылардын жүзү жана башкалар тууралуу айттым.

Ал мени кунт коюп угуп турду, угуп жатканда анын жүзү ойлуу тартып турду.

– Карачы! Мен билген эмес турбаймынбы. Чынын айтканда, сен али кичинекейсиң да, капа болбо, бирок сен өтө көп нерсени жакшы корөт турбайсыңбы!

Ушул жерден Мишка биздин сөзгө аралашты.

– А мен Денискадан дагы көп нерселерди жакшы көрөм! Бул эч нерсе эмес! – деди бултуюп.

Борис Сергеевич күлүп жиберди:

– Абдан кызык! Кана, жан дүйнөңдүн сырларын бөлүшчү. Эми сенин кезегиң, эстафетаны кабыл ал. Кана, баштачы. Сен эмнелерди жакшы көрөсүң?

Мишка ордунан козголуп, тамагын жасап алып анан айтып баштады:

– Мен бөлкөнү, плюшканы, батон жана кексти жакшы көрөм. Мен нанды, торт, пирогдорду, пряникти, бал менен болсун, глазурь болсун, баарынын жакшы көрөм. Сушкаларды дагы жакшы көрөм, калачты, бубликти, эт менен пирожки, повидло менен, капуста жана күрүч менен дагы.

Мен пельмендерди абдан жакшы көрөм, ватрушканы да ал жаңы болсо, бирок катып калганы деле жаман эмес. Сулудан жасалган печенье болсо жана ванилден сухари болсо.

Дагы болсо балык эттеринен кильканы, сайраны, маринаддалган судакты, томаты менен букачарлар, өзүнүн шорпосуна малынган частик, баклажан икрасын, тилим-тилим тууралган кабакча, куурулган картошканы жакшы көрөм.

Кайнатылып бышырылган колбасаны абдан-абдан жакшы көрөм, эгер доктор колбасасы болсо, мелдешип туруп бир килону бүт жеп салам! Ошондой эле ашкана, чай менен, зельц, ышталган, жарым ышталган, чийки ышталган! Муну баарынан жакшы көрөм. Дагы май менен макаронду, май менен вермишелди, май менен рожкини, тешиктери бар жана тешиктери жок сырды сырты кызыл, агына карабай баары бир жакшы көрөм.

Вареники быштак менен, туздалган быштак, таттуу быштак, ачкыл быштакты; алманын шекер кошулуп майдаланганын жакшы көрөм, а эгер алманын сырты тазаланган болсо, алгач ичин жеп туруп, анан закускеге сыртын жегенди жакшы көрөм.

Таттуу токочторду, котлеталарды, селёдканы, төө буурчак шорпосун, жашыл горохту, кайнатылган этти, иристи, шекер, чай, джем, боржом, сироп менен газдалган сууларды, жумшак бышырылган, катуу бышырылган, мүшөктө бышырылган жумуртканы, жадкалса чийкисин да жей алам. Бутербродду эмне менен болсо да жей берем, айрыкча картошка пюреси менен же таруу боткосунан калың сүйкөлгөнү жагат. Дагы… Ым, халва тууралуу айтпай эле коёюн, кайсы жинди халваны жаман көрөт? Дагы болсо өрдөк этин, каздын жана үндүктүн этин жакшы көрөм. Ий, чын эле! Мен балмуздакты чын жүрөгүмдөн жакшы көрөм, жети, тогуз. Он үч, он беш, он тогуз. Жыйырма эки жана жыйырма сегиз сомдуктарын.

Мишка көзү менен шыпты бир сыйра тегерете карады да, демин чыгарды. Ал баятан бери сүйлөй берип аябай чарчаганы билинди. Бирок Борис Сергеевич ага кадала тиктеп тургандыктан, ал кайра улантып кирди.

Ал дагы кобурай баштады:

– Крыжовник, сабиз, кетаны, горбушту, репти, борщ, пельмен, пельменди айткам, тоок шорпо, банан курма, компот, сосиска, колбаса, колбасаны да айткам…

Мишка демин чыгарып туруп унчукпай калды. Анын көзүнөн азыр Борис Сергеевич аны качан мактайт деп күтүп калганын байкоого болот эле. Бирок ал Мишканы бир аз нааразы болгондой, жада калса жини келгендей түр менен карап турду. Ал да Мишкадан бир нерсени күтүп жаткандай: Мишка дагы эмнени айтар экен дегендей. А Мишка унчукпай калды. Алар бири-биринен бир нерсе күтүп жаткандай учур болуп калды. Анан биринчи Борис Сергеевич чыдабай кетти да, сөз баштады:

– Туура, Миша, сен аябай көп нерсени жакшы көрөт экенсиң, талашсыз. Бирок сен жакшы көргөн нерсенин баары окшош, баары эле жей турган нерселер. Демек, сен килейген тамак-аш дүкөнүн жакшы көрөт турбайсыңбы. Болдубу? Башка жокпу? А адамдарчы? Кимди жакшы көрөсүң? Жаныбарларданчы? Жактырган жаныбарың барбы?

Мишка селт этип, жүзү кызарып кетти.

– Ой, – уялыңкы үн катты ал, – Унутуп кала жаздаган турбаймынбы! Мышыктарды жана чоң энемди да жакшы көрөм. 

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Алия менен жылкы67
Акылдуу кыз жомок37
Акылдуу балдар33
Кыска жана күлкүлүү жомоктор32
Көмөч нан (колобок) жомок28
Кырк калп жомок26
ЖАЛКОО25
Жылдын төрт мезгили жөнүндө болумуш17
Коён менен кирпи17
Карышкыр менен эчки16

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *