Байкасам мындай болбогом
Өзүмчө жатып толгоном
Өзүңдү ойлоп жатарда
Өзүң деп таңда ойгоном
Эч кимге көңүл бурбаган
Сүйүүмдү менин уурдаган
Жигитче ойду толуктап
Таштайын сага бир кадам
Кайырма
Балбылдап оттой жанасың
Чын айтсам мага жагасың
Башкалар түшүнүшпөгөн
Көңүлдүн тилин табасың
Ийменип кылыктанасың
Чакыруу берем кагазын
Убакыт 19:00
Сүйүүнүн аялдамасы
Кабылал сунган гүлүмдү
Уялып катпа жүзүңдү
Ашыктык артып баратат
Укканда назик үнүңү
Бакытым башка конуптур
Убакыт жылбай коюптур
Бар болсоң чындап махабат
Түбөлүк бизди жолуктур
Кайырма
Балбылдап оттой жанасың
Чын айтсам мага жагасың
Башкалар түшүнүшпөгөн
Көңүлдүн тилин табасың
Соонун мазмуну ото таасирдуу ыр болуптур Козумо жаш келди чынында угуп атып бар болсун ырды жазган Мурадил азаматсыз алга