Датасы: 29.09.2020
Формат: mp3

Жашартып жаратканым берсе эгер,
Бүт болгон байлыгымдан кечер элем.
Сан жеткис түйшүгүңдү өзүм алсам,
Апаке кадырыңа жетер белем.
Аппак гүл сунам апа, картайбачы
Ак сарай курам сага, картайбачы
Алдыңа алтын төшөп беремин деп,
Чок кармап турам апа, картайбачы…
Мүрөктүн суусу болсо берер элем,
Картайбас болуп апа ичер белең.
Ааламдын алпы болуп жаралсам, да,
Бир жолку азабыңды чечер белем.
Дарысын өлбөстүктүн тапсам эгер,
Жүзүңдү бырыштардан сактар элем,
Дүйнөнү төрт кыдырып көтөрсөм, да,
Апаке ак сүтүңдү актар белем
Бак-дөөлөт жанар кезиң картайбачы
Урман-сый табар кезиң картайбачы
Апаке ак сүтүңдөн айланайын
Ак жоолук салар кезиң картайбачы
Урмат-сый табар кезиң картайбачы

Айпери Кулбаева — Картайбачы, апаке тексти: 18 комментарий

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *