Датасы: 25.08.2020
Формат: mp3

Кармашып колдоруңдан баскым келди,
Өзүңдү таптым эми.
Таңдарды сени менен бирге тосуп,
Бакытка баткым келди.
Жайнаган жылдыздардай көздөрүңдү
тумардай таккым келди.
Ардагым ушул түнү бир өзүңө,
Таттуу сөз айткым келди.
Кайырма:
Сен келечегим бол, келинчегим бол,
Кечигип келсем үйгө кечирер сен бол.
Түбөлүк сен бол, түгөйүм сен бол.
Жаркылдап жан дүйнөмө жанарым сен бол.
Күн болуп түштөрүмө киргениңде, ишенем эртеңиме.
Жашоону жарык кылып жанымда бол,
ойгонуп кеткенимде,
Берейин жүрөгүмдү сага арнап, берейин түбөлүккө,
Жашайлы чексиз сүйүү, бакыт менен экөөбүз эки дүйнө.
Кайырма.
Сен келечегим бол, келинчегим бол,
Кечигип келсем үйгө кечирер сен бол.
Түбөлүк сен бол, түгөйүм сен бол.
Жаркылдап жан дүйнөмө жанарым сен бол.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *