Илгери «бай», «кедей» болуп бөлүнүшөр эле. «Бай»

деп өрүшү малга толгон, акчасы, дүнүйө-мүлкү көп, азык-
түлүгү ашып-ташкан кишини айта турган. Кээ бир чоң бай-
лар жерди да, сууну да, токой-черди да «меники» деп

ээлеп алышчу. Дүкөн ачып, соода жүргүзгөндөрү да болгон.

Илгери биздин айылда Мамбет деген кишини бай де-
чүбүз. Анын миңге жакын кою, кырк-элүү жылкысы, жы-
йырма-отуз ую, онго жакын төөсү болчу. Жери, акчасы

жана башка дүнүйө-мүлкүнүн канчалыгын билбейм. Кой-

Наристе чакта көргөнүм 2

чу, жылкычы, кошчу жигити, ашпозчусу ‒ бардыгы би-
ригип он чакты киши анын эшигинде кызмат кылышчу. Алар-
ды кемсинтип, «байдын малайлары», «байдын жалчыла-
ры» дешчү.

Айылдагы үйлөрдүн эң көрүнүктүүсү, эң чоңу жана жа-
салгалуусу ошол байдыкы болучу. Анын алты канат ак

өргөөсү заңкайып алда кайдан шаңдуу көрүнчү. Эшиги-
нен күндүр-түндүр эл үзүлчү эмес. Келим-кетими көп бо-
луп, дайыма эшик алдындагы кемегеден казан түшпөй,

эт кайнап турчу. «Байдыкына болуш келиптир, тай сою-
луп жатат» ‒ деп айыл ичин күбүр-шыбыр аралачу. Чынын-
да эле эл башкарган билермандары, кадырлуу коноктору

боло турган. Коноктору да байды кадырлашып, анын сөзүн
эки кылышчу эмес. «Оозу кыйшык болсо да, байдын уулу

сүйлөсүн», ‒ деп болуштар ошолордун сөзүн угушчу. Ма-
лайларынын кызмат акысын да толук берчү эмес. Ачуусу

келсе сөгүп-тилдөө мындай турсун, сууга байлатып сабаш-
чу. Шордуу малайдын арызын эч ким угуучу эмес.

Наристе чакта көргөнүм 3

Башкаларда жоктун бардыгы байдын үйүндө боло тур-
ган. Мисалы: кант, момпосуй, өрүк, мейиз дегендерди ошол

байдын балдарынын колунан көрбөсөм, башка эч кимден

көрчү эмесмин. Себеби канттын бир килосу бир сом болу-
чу. Базарга сатса, бир козу бир сомго араң өтчү. Анан ал

канттарды бай эмес киши кантип чыдап алат? Бай бала-
сы чөнтөгүнөн момпосуй алып жеп турса, биз, кедей балда-
ры, көзүбүздү жалдыратып карап турчубуз. Байдын аялын

«байбиче» дешчү. Кээ бир сөзмөр кишилер да, кээ бир ары
жок ырчылар да кошоматка байды макташа турган.

Бул кишилер кантип бай болушкан? Байлар бул суроо-
го: «Кудай берип койгон», ‒ дешчү. Кээ бирөөлөрү: «Таман

акы, маңдай терим, ак эмгегим менен бай болгонмун», ‒
дешчү. Бул, албетте, туура эмес.

Бала чагымда жакын жүрүп байкаганым бар. Эпчил ки-
шилер, айрыкча, жетим балдарды бекер иштетчү, же он

сомдук иш бүтүрсө, бир сом араң берет. Тогуз сомду өз чөн-
төгүнө салат. Бул ‒ бай болуунун биринчи жолу.

Бирөөгө карыз, же салык төлөй албай калган бей-бе-
чарага: «Бир сомумду эки сом кылып кайтарасың» ‒ деп

шарт коюп, карызга акча беришет. А бул ‒ бай болуунун
экинчи жолу.
Кээ бир коңшу отурган таянычы жок бечара кишиге куру

жалаа жаап: «Менин керторумдун күчүн сураганынан бер-
сем, Анжыян тарапка сатып жок кылды», ‒ деп бийге же бо-
лушка арызданат. Кедейдин сөзүн эч ким укпайт, байдын

сөзүн кубатташып, туура көрүшөт. Анан кедейдин бар ма-
лын же жерин тартып алып, байга берип коюшат. Ушинтип

бай байлыгын көбөйтөт.
Мен бул сыяктуу окуяларды өз көзүм менен көрүп, күбө

болгом. Калыстыктан, адамгерчиликтен кеткен бай, бий, бо-
луштарды эл абдан жек көрүшкөн.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
БУГУ ЭНЕ(«Ак кеме» повестинен үзүндү)81
Карышкыр менен эчки44
Алия менен жылкы43
Карышкыр жана жети улак37
Акылдуу балдар30
Акылдуу кыз жомок27
Кыска жана күлкүлүү жомоктор19
Акылдуу кыз17
Нооруз жөнүндө жомок17
Аяз ата14

Наристе чакта көргөнүм: 3 комментарий

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *