Датасы: 25.08.2020
Формат: mp3

Ой комузчу, комузчу,

Чертип койчу, комузду.
Элжиресин эт жүрөк,
Бийик чыгар добушту.

Муратаалы чал тарткан,
«Сынган Бугу», «Камбаркан»,
Ушул сонун күүлөрдү
Уккан жандар таң калган.

Ойго келбейт убайым,
Оюнуңа тунайын
Токтогулдун «Ботоюн »
Чертип койчу угайын.

Жерде эмес бийик көктөсүң,
Жаныңан кыздар кетпесин.
Козгоп-түзөп койдуң бейм,
Жүрөгүмдүн тепкесин.

Ниязаалы сайраткан,
Боз жоргодой айдаткан.
«Сары Барпы » күүнү черт
Тыңшасын булбул чарбактан.

Ак куу канат каккандай,
Дарыя жылып аккандай.
Элестетем бир туруп
Жаштар бирге баскандай

Назель — Комузчу тексти: 35 комментарий

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *