«Жарк» дей түшсө бул аалам
Демек, аял жылмайды.
Жазылып бүт жүрөктөгү муң-кайгы
Аял — Күндүн тиреги, назик жүрөгү
Махабаттын түгөнбөгөн мүрөгү.
Кайырма:
Жашоо-турмуш кайыгы
Сызып баратты.
Дайым өбөк болсун деп
Бизди жаратты.
Мырза тагдыр кареги
Аял карагы.
Алар алгыр куш болсо
Аял канаты.
Сыйкыры бар илеби
Сылап койсоң гүл чыгар.
Жылуулугу асмандагы гүл сымал
Кереметин ашырган.
Кем дүйнөнү батырган
Сулуулугун жүрөгүнө жашырган.
Кайырма:
Неля & Асель Кадырбекова — Аялзат тексти / Жаңы ыр 2022
Датасы: 02.04.2022 Көрүүлөр: 2261
Аябай сонун болуптур