Датасы: 18.08.2020
Формат: mp3

Шайыр көңүл кыздар жоокерлерди сүйгүлө
Сүйгөнүңөр жоокер болсо, аны күткүлө
Алар такыр жалтанбаган, тоо жүрөктү болушат
Зөөкүрлөрдөн келген жоодон, бизди алар корушат
Кайырма:
Бар бол жоокер, сак бол жоокер
Аман эсен кайткың жоокер
Назик көңүл кыздар учукучтарды сүйгүлө
Тунук, таза сүйүү жалынына күйгүлө
Көңүл сезим асманында, алар учат көкөлөп
Махабатка багындырсаң, жашап өтөт бөпөлөп
Кайырма:
Бар бол жоокер, сак бол жоокер
Аман эсен кайткың жоокер

Нэна — Бар бол жоокер тексти: 3 комментарий

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *