Кымбатым менин!
Кыйноого салсам кечирчи?
Кылгырып көзүң,
“Кыйбасым, жаным!”- десинчи?
Кылчактап араң
узадым сенин жаныңдан,
Карап тур эми,
таарынтпайм сени экинчи!
Таптаттуум менин!
Таарынтып койсом кечирчи?
Түшүмө кирди,
Тунжурай түшкөн кезиңчи…
Таң атпай, узак
болду окшойт ушул түн дагы,
Таптакыр эми
таарынтпайм сени экинчи!
Сагынчым менин!
Санаага салсам кечирчи?
Саналуу кеткен
Элесиң жанды эзилтти.
Эркелеп, сүйүп,
жытыңды келди жыттагым,
Жыргалым эми
таарынтпайм сени экинчи!
Нэна — Таарынтпайм сени экинчи тексти
Датасы: 20.08.2020 Көрүүлөр: 586