АҢГЕМЕ

Таң заарлап, аңызды кыя салып жыландай соймоңдоп кеткен чаң жолдо Жусубали баратты. Ал мындан ат чабымдай жердеги таш жолго бараткан. Буердегилер ошо таш жолдон дамамы шаарга катташат. Жусубалинин кийгени демейдегиден башка. Чилтенден бетер жасанып, кыздын баласындай. Чыкыйып алган. Басканы кашаң. Жусубали кудайдын куттуу күнү ушу чаң жолдон өтөт. Ушу жолдон күн тосуп, ушу жолдон күн батырат. «Өлсөм ушу жолдо өлөм» — бу анын ою.

Бүгүн чыкыйып кийинип алганына караганда өзгөрүү бар кыязы. Ийнинен түк түшпөгөн кетмени бүгүн негедир көрүнбөйт. Колу да бош. Көтөргөн бирдемкеси да жок. Үстүндө өткөн жекшемби күнү Кара-Суунун базарындагы бир чайкоочудан алган импортный костюму. Аны да кара дуңгул катыны: «Акча деп эле тишиңдин кирин сорбой, бу костюмду алып алсаң, оңбогон. Жарытарлык той-ашка, аяк-быякка кийчү деле түзүк киймиң жок. Ал, титиребей, акчаны не карайсың, акчадан атаң өлдү беле?!»— деп нукуп жатып алдырган.

Бутунда чех туфлиси. Муну да ошо катын тилин бүлөп жатып алдырган. «Акча колдун кири болгону менен, маңдайдын тери. Күнгө күйүп, кетмен чаап, кол жешитип тапкамын! Пешене мээнет — акча, билдиңби? Шончо пулга бир костюм кийип мен эмне актүп белем, а? Бечарага бечарадай эле костюм-шымдар бар, бизге шонусу да жетишет. Сулуулугунан жылуулугу. Жасангандай мага эмне шам, же концертке барбасам сени менен жетелешип. Бизге окшогон кетменчиге боло берет. Акча! Акча дейсиң! Акчадан атам өлгөн эмес, билдиңби даңгесе катын. Керек болсо акчаңды бурдап-бурдап дааратканага таштап жиберем.» Бир сапар ал аялына ушинтип адраңдап да көргөн. Аялына мындай сөз өлөсү жем болбойт. Апраңдап-апраңдап жели чыга түшкөн. Ошондон улам аялынын сөзү менен жүрүп, алаканында айланат.

Жусубали чаң жолдун чаңын малтап, артынан чаң чыгарып баратат. Чаңдан бу киши качпайт. «Чаңда туулуп, чаңда өскөнбүз»— анын айтар сөзү ушу. Жусубали жанда жок ойчул адам. Неге минтип ойчул тартып калганына өзү да таң. Кыбыр эткен нерсенин баарын ойлойт. Эч нерсени жаздым калтырбайт. «Бул менде он килас билим болгондобу атаң көөрү, академик болмок экемин! Аттиң десең…» Өзү жөнүндө ушинтип, тилин армандуу тиштенип да жүрөт. Ойчул жан аталып калышына да жалгыздык себепкер болсо керек.

Таңзаардан, оо бир оокумга дейре жылаңач талаада, кээ күндөрү буерде түнөп да калат. Пахтага суу чегет. Жусубали ойлонуп жүрүп ачылыш ачты. Бу ачылышы «чаң» жөнүндө. Анын чоо-жайы мындай: бир күнү Жусубали ушу чаң жолдо бараткан. «Эмне үчүн чаң чыгат?» Бу суроо да болбогон нерсеге ой тартканынан улам чыкты шекилди. Бу суроого жооп табууга акылын пештеди. «О, атаңкөрү, ушуну түк ойлобогон экем». Кейиштүү баш чайкап, ойчул мээсин ишке салды. «Кызык», — деп өзү да айран калды. Мунун мээсинен суроо качып кутулбайт. Ошондо тык токтоду да, ачыган камырдай жолдун үстүндө эки эли көпкөн чаңды акырын буту менен басты. Бурп этип чаң чыкты. «Түшүнүктүү» деп өзүнчө кымпыйып койду.

— Эй, Акматали, кана айтчы? Эмне үчүн чаң чыгат, а?— деп ошо күндүн эртеси суроосун Акматалиге салды. Бу киши мунун аңкоо суроолоруна көнгөн жан.

— Чаңытсаң чаң чыгат да, — сууроого көңүл кош карады Акматали.

— Чаңытсаң чаң чыгат дейсиң да? Чаң жөн-жай эле чыга береби сенин оюңча, а?— суроосун такый узатты.

— Эй, баланын сөзүн сүйлөбөй, көп келжирей бербечи.

Мындан башка ишиң жокпу, кыла турган. Каяктагы неменин баарын табасың да. Бу сен эмне болуп баратасың, ушунуңа таңмын? Мына бу, — Жусубалинин бутун көрсөтүп,— аюунун таманындай бутуң түшкөн жерден кантип чаң чыкпасын. Чаң эмес, жан чыгат,— деди ачуусу арзан Акматали итиреңдеп.

— Оо, көрдүңбү бассаң чаң чыгат! Бассаң! Тирүү жан баскан жерден чаң чыгат. Тирүүлүктөн чаң чыгат. Билдиңби?!— деп баладай сүйүнүп, калпагын көккө ыргыткан.

— Ой, апенди?! Болду эми, тим эле космосту ачсаң да. Ушу сенин билимиңдин гана чоркоктугу да, болбосо академик болмок экенсиң.

— Ах, атаңкөрү, ушу кара катынды албаганда Москөөгө барып, окуунун чоңун окуп, доктур болот элем. Бөөдө жипсиз тушалдым да,— чындап Жусубали күйүп алды.

— О-эй, жаман десе! Дымагын көр мунун. Болмок элең илимдин доктору. Болгондо да «чаң илиминин»,— шакабалуу сөз айтып, Акматали өлөрчө бак-бак күлгөн. Бу адам күлсө оозу кулагына жетет.

Таш жолго бир аз калганда өйдө тараптан келе жаткан автобус көрүндү. Жусубали авгобуска эмнегедир чуркабады. Чуркаса сөз жок жетмек.

Артынан эшегин «хы-хылап» бастырып келаткан Акматали Жусубалинин бу кылыгына түшүнө бербеди. «Бу жаманды шаарга барат экен десем. Автобуска чуркабаганы эмнеси?! Шаарга барбаса неге минтип жасанып алган?» Ушу ой Акматалиге табышмак түйүлдү. Эшегинин басыгын ыкчамдатып, Акматали Жусубалиге жете келди.

— О-эй, акеси! Жол болсун! Каякка бу карга бок чокуй электе?— Саламдан мурун ушу сөзүн бакылдай узатты.— Капырай десең? Пай-пай… Кебетеси кантет. Стилник тим эле!..— Сөзүнүн буягы кер какшык чыкты.

— Кантмек эле?— Жусубали бир баш жаңсап алып, көзүн акырайтты. — Ишиңди кылып, итиңди сугар. Мени менен ишиң эмне экен? Өзүңдү билсең, акеси!

— Ой, жаман эй. — Баш чайкады Акматали.

— Көп мээни ачытпачы!— Жусубали бешенесии тырыштырды.

— Төркүнүнө бараткан жаман катындан бетер туйтуңдайсың да. Айтсаң боло акыры. Каякка, бу таң заарлап?

— Каякка ле?— Тып токтоду Жусубали. — Шаарга. Болдубу?!

— Эмне суутуп коюпбу сага? Талаага ким чыгат?

— Суутуп койсо сен бу жерде турбай кал. Менден мурун учуп барарсың.

— Анда эмне мынчалык эле, кудайдан жөө качкансып.— Чындап эле Акматали билүүгө куштарланып калды.

— Иш бар.

— Кандай иш?

— Кандай иш эле? Иш да! Текей тергени чыкты дейсиңби. Банги белем, иши жок көчөдө жүргүдөй.

— О, пенденин иши түгөнбөйт ко. Өлөр өлгүчө иш деп өлүп кетебиз го, кысталактыкы. А, буяктагы ишчи? Сугатка ким чыгат?

— Сугатың бүгүнчө тура турсун. Бүгүн жекшемби, ошондуктан эс алса болот, билдиңби?

— О-о, муну көр. — Эшегин Жусубалинин алдына торой бурду. —А, бизчи? Кимбиз?! Сен шаарлап, биз талаалап. Кимбиз, а?— Көзүн алайтты.

— Билбейм.

Жусубали эшектин башын ары түртүп, арымын кере таштады.

— Үх, карабаскырдыкы, тык, тык… —деп таңдайын такылдатып, оозун чормойто, жанатан көрбөй жаткансып,— мунун туфлисин көр, кычырайт ко. Чаң жолго куп жарашат экен да! Байкабапмын. А, галстугу, өңгөсүн кой. Ха-ха-ха!

— Эй, көп күлбө, оозуңа чымын чычып койбосун!

— Ха-ха-ха… Ох, боорум ай! Бу галстук тагынганды ким коюптур экөөбүзгө? Же, чоң болбосок чиренгендей, Атыр да себинип алгансыңбы?— Мурдун «быш» тартып. — Өлөм да!—. деп алаканын «карс» чаап койду.

— Жаагыңды жабасыңбы же эшегиңден… Эмне эле ач кенедей асылып калдың?— Тилин тиштенди Жусубали кабак-кашын бузуп.

— Койдум акеси, койдум,— жагалдана кетти,— ке, бир ачууңду мага бер эми… — Бармагын сербеңдетип. — Бирок бир маселени кулагыңа түйүп ал. Шаарда күйөөсү жок катындар быкпырдай жайнайт. Жаде калса, «Мага күйөө керек. Жашым мынчада, боюм мынча, үйүм бар, акчам көп. Паландай-пастандай эркекке чыккым келет» деп гезитке да кулактандыруу жазышат экен. Билдиңби? Мунусунан этият бол. Анан сени ала качышпасын, эмкилер шок эмеспи. Быягын эстен чыгарба, — көптү билген немедей Акматали каадалана кетти.

— Катындарга эмес, кыздарга жакчудай болуп баратса,— көкүрөктү көтөрө кандайдыр бир сыймыктануу менен оозго алды бу сөздү Жусубали.

— Ха-ха-ха… Ой, жаман эй. Аттиң десе, «өлалбай жатып өлөң айтат» деген ушул, кысталак!

— Туфлимен тартып, шляпама дейре импортный,— дагы көкүрөк какты Жусубали.

— Дамбалыңчы?

— Дамбалым өзүбүздүкү.

— Дамбалың импортный болбогондон кийин костюм-шымың бир пул да! А, эгер чечин деп калса кантесиң шаардык катындын астында?

— А,— кол силкти Жусубали. — Мунун жарасы жеңил, караңгыда байкап отуруппу. Светти өчүрүп коёбуз да.

— Чынында,— сөзүн чоё сүйлөдү. — Кийимиңде шек жок акеси. Кыздын баласындайсың, Жуке. Бу кебетеңди көрүп, ээ ким сени кетменчи деп ойлойт? Академик дейт! Бир аз бешенең суюла түшкөндө барбы, катыгүн. Даана академик болмоксуң. Пай-пай-пай!

— Жаш академик дешет да.

— Жашына куп эле окшойсуң. Деги ашсаң ашарсың, асти кемибейсиң, акеси… Бирок бир чоочуган жерим бар… Шаардык катындар бир көз кысканда эле жүрөгүң түшүп, ычкырыңды көтөргөнгө үлгүрбөй качып жөнөр бекенсиң. Шаардагы биякта турсун, үйүңдөгү кара дуңгул катыныңды жөндөп башкара албайсың.

Сөз Жусубалинин катынына келгенде тили кыскара түшөт.

— Эми акетай, көп какшата бербей айтчы? Эмнеге баратасың? Же колуңда кармаган бир балээң болсо не!

— Бери эңилсең,— бу сөздү Жусубали үнүн басмырт чыгарып айтты. — Эч кимге шыбыш чыгарбайсыңбы? Оозуңа ээ боло албай калып, анан…

— Сөз оозуман чыкса эле,— Акматали кулагын Жусубалинин оозуна жакындата берип айтты,— мүрт кетейин!— Карганды Акматали кулагын жапыра берип.

— Катын алып келем. — Шыбырады Жусубали.

— Катын?!

— Чүш-үш… Акырын сүйлө. И, катын алып келем.

— Кыз эмеспи?

— Кызын деле апкелүүгө кудурет жетет. Биягынан түк коркпо. Элден эмнем кем. Көзүм көр, бутум мунжу беле? Кудая шүгүр,— өз кебетесине көз таштап, шляпасын оңдомуш этип, корстон боло түштү.

— Эй, дабдыр, бу азилиңби, чыныңбы? Шаарга эмей эле Чым-Коргонго барып жүрбө, аа? Акылың жайындабы? А, бу он пуд болгон катыныңды каякка апарасың? Айтчы?

— Сага берем!

— Мага?!—Чочуп кетти Акматали. —Түү!

— И, сага! Токол кылып аласың, жанагы аягы жер жыттабаган желмаяныңа кошуп.

— Тек гана желкем көрсүн аныңы! Тьфу! Өзүңөн ашпасын ылайым. Кудай аны сага эле кут кылсын.

— Анда неге мынча эле безеленип сүрүштүрөсүң? «Эмне кыласың! Эмнеге барасың? Каякка барасың?» деп ия. Арабаңы тарт дебедим беле жана.

— Ой, ой… мунун ачуусун көр! Мурдуңун учунда да. Кум калле, эсиң жайындабы? Ноокас эмессиңби? Бешенеңди басып көрөйүнчү.

— Ал колуңду,— Акматалинин колун ары түрттү. — Ушу сен эле калдың, баары бүтүп. Байгеге түшчү аттаймын.

— Көргөнүн көрүп турам дечи?— Демитти Акматали.— Көрүнүшүңдө кынтык жок. А, бу сүйлөгөнүң болсо, адамдын жанагы эмесин келтирет да…

— Эмнесин?!.

— Эмнесин эле?! Калп бөштөнүп каласың да.

— Ачык айтпайсыңбы анан. Эмнесин деп былжырабай. Анда дааратканага бар!

— Ыя, тооба! Бу соо эмес. Түш-пүшүңдө азезилди көргөн жок белең. Же, апаптап коёюнбу?

— Апаптаганыңды коюп, мына бу сасык оозуңду жабасыңбы? Же…

— Эмне же?

— Чокуң же! Энеңди Үч-Коргондон көрсөтөйүн!

— Пай-пай-пай-пай… Кайсы кара теке сүздү сени. Муштумуңу кезебечи. Жүрөгүм түшүп калбасын бөөдө.

— Анда оозуңду жап! Болдубу?

— Болду, жан акеси. Кулдугум бар.

— Өлгөндүн үстүнө көмгөн болбой. Сен дагы.

— Анан өзүңчө эле итиреңдей бербей. Чоо-жайын түшүндүрсөң боло акыры.

— Сага айткан менен эмне. Ооз талыйт.

— Муну көр! Эй, кум келле, сенин сөзүңдү качан жерде калтырдым эле?!— Арданып кетти Акматали. — Боор ооруса, боорго тебесиң да. Ачууңду тыйып бир ийге келчи? Эмне болуп кетти сага өзү? Тынччылыкпы?

— Бир иш болду.

— Эмне иш?

— Бир иш?!

— Иш.

— Кандай?

— Кандай эле? Бир иш да.

— Бир иш! Бир иш! Тоту кушсуңбу? Табышмактандырбай айтпайсыңбы? Мен эмне цыган белем?

— Бери келчи?

— Ии, бая эле ушинтпейсиңби анан,— жайдарылана түштү Акматали.

— Эй, акеси…

— Ии…

— Эч кимге жел чыгарбайсыңбы?

— Өлүп кетейин!

— Честне де?

— Честне! Нан урсун! Көп каргантпачы? Жаш бала белем.

— Чш… чш… Эми сөз мындай.

— Коош…

— Жанагы менин катынымды билесиң го.

— Билбей эмне?

— И, ошонун.

— Коош…

— Азабы чучукка жетти, ал кара катыныңдын!

— Эмне болду? Уруштуңарбы?

— Жо-ок. Урушкан быякта калсын. Ага күчүм кайдан жетсин.

— Аныңдын бети курусун. Кожомкул менен күрөшсө да жыгып салчудай, түрүнөн эле корком… Ии… анан…

— Ошо кара катынга «протест» жасадым.

— Протест? Мунуң эмнеси болуп кетти дагын?

— Гезитке ушинтип жазылат ко. Чет өлкөдөгү жумушчулар бийликтин башындагыларга «протест жасады» деп.

— Гезитти көп окуп айнып баратасың ушу сен. Анан, кара катыныңа көтөрүлүшкө чыгып жүрбө, абайлачы деги акеси.

— Чш… чш… Бирөө жүргөнсүйбү жүгөрү тарапта.

— Ким жүрмөк эле?

— Жанагы кара катын аңдып жүрбөсүн.

— Коркконго кош көрүнөт. Жүрөгүңдүн сары суусун сыккан экен, оңбогон кара катын. Молодес экен! О, мундайлар көбөйсө эркектер күн көрбөй калат ко. Балээ болуп эркектер төрөй баштайбы деп жан жок. Кудай сактасын.

— Эми биягын укпайсыңбы?

— Ии, коош…

— Сага менден башка ургаачы бир минут туруштук бербейт. Мен, мендигимен жүрөм… Кудайдын куттуу күнү атаңдын өчү барсынып аракты өлгүдөй ичесиң дейт.

— Ой, бу эркек болгондон кийин ичиш керек да анан. Анда аялдардан айырмабыз кайсы?

— Акча алдыңбы, болду. Ведомостко кол коём да, акыркы сокур тыйыным калганча кагып берем. Жакшылыктуу күн көрсөтпөйт. Майда-чүйдө ишке киришет да турат. «Бутуңду жуу шыбоо жыттантпай», «Сакалыңды ал тикендей кылбай», «Кийимиңди алмаштыр», «Шорпону шорулдатпай ич», «Телевизорду жакындан көрбө», «Үйдө чылым чекпе», «Коңурук тартпа»… көрдүңбү?

— О-уу! Кара катын даана «террарист» экен!

— Мунуң эмнеси?

— Гезиттен окугам. Кара катынга туура келет ко болжолу.

— «Сага ушу кайдан тийдим»,— дейт.

— И-и! Кызык! Кимге тиймек экен анан.

— Ит билсинби! Дагы эмне дейт дебейсиңби? «Элдей бала-чакалуу болсом дейм. Эне болсом дейм»,— дейт.

— Охо…

— «Кудай буюрса балалуу болобуз»,— десем: «Сен ушинтип күн алыс ичип келсең, түн жарымга дейре акшыйып телевизор тиктесең, жаныма жатпасаң кайдан балалуу болобуз»,— дейт.

— Оо, атаңкөөрү! Арманы күч го.

— Бүгүн түнү да баягы сөзүн айтты. «Менден башка сага эч ким тиймек эмес»,— деп. Жиним кайдан келсин. Бу сөздү укканда да күйбөгөн жерим күл болду. Ачуум кайнай түшкөн экен. «Эй, даңгесе катын, сага окшогондордун кыркын бешенеңе тизип койбоюн, а?» дедим.

— А, катының эмне дейт.

— Эмне демек эле. «Кана апкелчи эр болсоң»,— дейт. Мен апкелем дедим, ал апкел дейт. Көзүнө көрүнбөсөм болбой калды.

— Апкелип, акелетпейсиңби анда.

— Кимди апкелем?

— Кимдиле? Шаарда катындар кокодон. Вой, атаңкөрү, өткөн жайда бир «үч тыйындык» суу саткан катын менен тааныштым. Өзү жаш эле. Бакандай келишкен. Мен ага «болгон жумушуң эле суу сатышпы»,— десем. «Анан эмне? Түзүк эле жумуш, кара жанды бакса болот. Кыйын деле эмес. Алакан акым да жаман эмес, кээде «левый» кылып коём»,— дейт оңбогур. «Сени кетменге салыш керек»,— десем. «Кетменди айылдын катындарынале кут кылсын. Биз эмне күндөп-түндөп күнгө күйүп, силердин аялыңарча айына жетимиш сом үчүн жан безегидей, башы жок белек?»— дейт. Көрдүңбү? Шаардык катындардын баары салкында жан баккандар. Денелери аппак, айтпа эми!

Бурулуштан автобус көрүндү.

— Жуке, автобус келатат!

— Тим кой, өтө берсин кол көтөрбө. Ушуну менен экинчи автобусту өткөрдүм.

— Ии, жанареки автобуска да эмне чуркабады десе, кептин баары биякта жаткан экен го.

— Шаарга барганым менен кимди апкелем? Ойлосоң?!

— ?!.

— Кайдан да тилим кычышып айтып жибердим ошентип. Таңмын.

— Өлгөн экенсиң го.

— Өлгөндөн өтүп кеттим.

— Каап.

— Мени ким карап турат дейсиң. Импортный эмес, алтындан кийсем да жанагыле тер жыттанган кетменчимин да. Ким карайт эле бизди.

— ?!.

— Эми эмне кылам?

— Таң.

— Эми солдоюп өзүм барсам да «терарист» мойнума минип, өлөр өлгүчө жеп жутат. Башым маң.

Экөө чаң жолдон чыгып, таш жолго имериле бергенде кара катындын турганын көрүштү. Көрүштү да темирден бүткөнсүп селейип калышты. Жусубали көргөн көзүнө ишенип-ишене бербей кирпиктерин ирмеп-ирмеп да алды. Бетинен каны качты. Бу сапар көзү кара катынды так көрүп турган.

Батмакан экөөнү утурлай чыкты.

— Жусубали, жүр үйгө,— деди. Батмакандын доошу демейден башка, кулакка угумдуу чыкты. Бир чети аялынан өз атын толук уга элек Жусубали бу үндөн кандайдыр буга чейин өзүнө белгисиз, сезбей жүргөн керемет нерсени байкагансыды.

Чаң жол…

Алдыда башын ылдый салган, ойлуу Жусубали, артында Батмакан.

Аларга карама-каршы тараптагы пахта аңызын карай кеткен жолдо эшегин «хы-хылап» коюп, улам артка кылчак-кылчак карап Акматали баратат…

Жусубали тык токтоду. Батмакан ага удаа токтоду. Жусубалиге Батмакандын күйүгүп чуркап келгендиктен улам өзүнүн согушун басаңдата албай жаткан жүрөгүнүн дүрс-дүрс кагышы эшитилип турду.

Экөө үн-сөзсүз турушту. «Музоонун жүгүргөнү саманканага дейре». Каякка барат элем. Опусалап коёюн десем, чындап ишенип алыптыр. Ыйлап да алган го. Эх, Батмакан-эй, Батмакан, сенсиз күн кайда мага». Жусубалинин жүрөгү бу саам элжирей түштү.

Жусубали Батмаканды кучактап, бетинен өптү да оозу кычкыл даамданды. Көз жаш даамданды. Жусубали Батмаканды кучактаганда кулачы кыскалык кылганын сезди. Батмакан оордошуп бараткан. Жусубали муну байкап, ичтен жылмайды.

— Ким?— деди Жусубали.

— Пенде,— деди Батмакан. Анын үнү шыбырап, назик чыкты.

Батмакандын күйүккөн деми дале басылбай, энтигип турду. Ушу саам Жусубали адатынча эдиреңдей түшүп, аялынын май көчүгүнө бир чапты.

—  Болду!..

Чаң жол…

Жусубали менен Батмакан катар басып баратышты…

Экөөнүн тең артынан чаң ээрчип алды.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *