Датасы: 22.10.2020
Формат: mp3

Турмуштун өз убагы,
Жыргалдын өз убагы.
Бирок, досум, антсе дагы,
Мезгил бизге токтоп турат.
Жаштык менде, жаштык сенде,
Ак-Буурадай, дайрадай.
Көп күлбөсөң, көп өкүнсөң,
Өтүп кетет байкалбай.
Кайырма:
Бүгүн майрам, бүгүн той,
Замандаштар, бизде той.
Көңүл ачкын көп ойлонбой,
Күлгүн жашты кордобой.
Иштесең чеги менен,
Ойносоң чеги менен.
Бирок, досум, өмүр бою,
Жаштык болбойт сени менен.
Мезгил өтөт, күндөр өтөт,
Боз жоргодой жорголой.
Көңүл да суз, өмүр да суз,
Күлкү болбой, ыр болбой.
Кайырма:

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *