Датасы: 09.11.2021
Формат: mp3

Он эки жашында
Рамазан айында
Бекиткен оозун наристе
Ачпастан кайрадан
Айланып кетти шейитке
Атын да Мадина
Кудайдын айында
Түз эле кеттиң бейишке
Жүрөгүң таптаза
Наристе эле периште


Ажалдын чачкан огунан
Айрылдым канча бооруман
Кечирчи Мадина
Кечиргин бизди садага
Эр жүрөк биздин жоокерлер
Намысты колго алышты
Тынч укта карындашым
Мекенди сактап калышты

Гүлзарлуу багында
Куштардын жанында
Дасторкон толо жемишке
Оозуңду ачаарсың
Ар аян деген бейиште
Алтыным Мадина
Аллахым жаныңда
Баардыгын даяр беришке
Түбөлүк бейиште
Мадина биздин периште



Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *