Жүрөгүмдүн согушунан улам,
Жакын жүргөнүмдү сезип турам
Алыстаба, кетпе…
Алоолонуп күйүп жандым,
Айрыба деп алсыз жалынганмын,
Айып эми кимде?
Тагдырга багынбайм, жок, таарынбайм,
Сага таарынбайм
Илебин алдырбайт, жүрөк тандайт,
Жүдөп калбай.
Кайырма:
Баары бир сени сүйөм,
Баары бир сен деп жүрөм.
Баары бир сени сүйөм,
Баары бир сен деп жүрөм.
Каректериң жашоо берет мага,
Карай турчу суранайын кайра, издейсиң кимди?
Сезимиңден кубат алам,
Сендей жандан кантип алыстатам, каректеримди.
Тагдырга багынбайм, жок, таарынбайм,
Сага таарынбайм
Илебин алдырбайт, жүрөк тандайт,
Жүдөп калбай.
Кайырма:
Сүйөмүн дейсиң, жарыгым дейсиң,
Сүйүнтүп жаныма келбейсиң
Сүйүүнүн даамын тата албай калдым,
Тагдырымды сен билбейсиң
Тагдырымды сен билбейсиң
Ишенип сен сүйүү дейсиң
Тагдырыңды сен билбейсиң
Мен билбеймин, сен билбейсиң
NON-STOP дуэти — Баары бир сени сүйөм тексти
Датасы: 26.09.2020 Көрүүлөр: 429