Датасы: 21.07.2026
Формат: mp3

Аткаруучу: Нур Чолпон & Токтогул Эмилисов

Жайдын бир кезинде,
Адырлуу тоонун бетинде.
Сан гүлдөн тандап үзгөн,
Жайдары селки эсимде.

Өзүмдү сага берем деп,
Өмүрдүн гүлүн терем деп.
Сүйлөшкөн күндөр эсте,
Турмуштун сыры тереңдеп.

Агарып таңдар аткан,
Суюлуп жылдыз баткан.
Калдыго бекен эсиңде,
Кыйшпайбыз көз карашкан.

Антыңды ойлоп таңда,
Көңүлүм сенден дайыма.
Азыркы шайыр жаштардын,
Өзүңдөн болсун дайыма.

Кайырма:

Жайдын бир кезинде,
Адырлуу тоонун бетинде.
Сан гүлдөн тандап үзгөн,
Жайдары селки эсимде.

Өзүмдү сага берем деп,
Өмүрдүн гүлүн терем деп.
Сүйлөшкөн күндөр эсте,
Турмуштун сыры тереңдеп.

YouTube булагы

Эгер сиз бул материалдын укук ээси болсоңуз жана өчүрүүнү кааласаңыз, бул баракча аркылуу байланышыңыз.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *