Датасы: 22.11.2025
Формат: mp3

Сен башында менин жүрөгүмдү козгочу элең
Күлмүңдөгөн көзүң миң карасам тойбочу элем
Ашыктыгым артып,кылыгыңа балкып анан
Чын сүйүүнү бизде гана бар деп ойлочу элем

Кайырма:
Көрсө мен калыптырмын сени тандап жаңылып
Башканын калгандырбыз маңдайына жазылып
Десем да моюн бербей эски жарам кайра эле
Чарчадым мен өзүңдү себеби жок сагынып

Канча жолу кетиргенбиз каталар
Ката деген билбестиктен жасалаар
Сен каалаган адам боло албадым
Колдон келсе колуң менен жасап ал

Мурдагыдай эми жүрөк жалынбайт
Өчүп калган от көзүмдөн жалындайт
Сага сүйүү келсе келер а бирок
Меникиндей сүйүү сага табылбайт

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *