Датасы: 17.12.2024
Формат: mp3

Кара жер тойдубу шум ажал боору ташбы
Жаркылдап түз жүргөн жан досум дүйнө салдың
Антташкан шер элең сөзүңө бек элең
Эскерем өткөндү көз ирмем болуп калдың

Кайырма;

Жалганга кол шилтеп мезгилсиз кеттиңби
Таарынып жашооңо өмүрдү кечтиңби
Беш кундүк дүйнөдө аз болсо саз жашап
Менден да биринчи чындыкка жеттиңби

Жатканың жайлуу жаннатта жаның болсун
Кабырың кысылбай нур чачып жарык болсун
Ыйладым сыздадым өкундүм айлам жок
Жакшы элең жаш элен барганын бейиш болсун

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *