Датасы: 25.04.2020
Формат: mp3

Сөзү : Төлөгөн Мамеевдики
Обону : Түгөлбай Казаковдуку

Биз турмушта аталардан кеч келип,
Тээ батыштан согуш отун кечпедик.
А аталар төрөлө элек биз үчүн,
Кала берди танк алдында тепселип.

Биз турмушта агалардан кеч келип,
Тээ алыстан адам канын кечпедик.
А агалар жаңы баскан биз үчүн,
Кала берди танк алдында тепселип.

Өткөн согуш кан майдандан сес берип,
Турат бүгүн бардык жерде эстелик.
Гүл ордуна койдум ушул ырымды,
Аталарды, агаларды эскерип.

НурЧолпон Эстелик клипи

НурЧолпон — Эстелик тексти: 4 комментарий

  1. Ооба ката Кетти ырда негизи 2сапта тээ батыштан согуш отун кечпедик деши керек болчу биинчи сабында

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *