Датасы: 29.05.2024
Формат: mp3

Өзүңсүз дүйнөм бош болуп
Өкүнүч турчу коштолуп
Көргөндө сени биринчи
Көкүрөк кетти козголуп

Кайрыма
Ак жарык кирип калганда
Ай чыгып асман жанганда
Айга айтып бүтүн сырымды
Мен Айласыз жүрөм арманда
Айласыз жүрөм арманда

Сүйкүмдү жүзүң ай чырай
Сүрдөтөт жанды аттиң ай
Сезимдер сага арналган
Сезсеңчи мага айттырбай

Бириксек балким жарашат
Билгендер баалап карашат
Бүгүн же эртең ким билет
Сүйүүмө бир күн таң атат

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *