Датасы: 25.11.2022
Формат: mp3

Бир күнүң күлүк күндөй өтүүдө өмүр
Ар бир күнү күйүп чөгүүдө көңүл
Бирөөнө күндөй сылап жарыгын сунса
А бирөөнө сынап тагдыр төгүүдө мөндүр

Акырындап баары келет ордуна
Өмүр өзү сырдуу табышмактуу жол тура
Үмүт үзбөй жакшы күндөн жаркыган
Сурай бергин жалгыз жаратканга кол суна

Кыйналсаң дагы турмуш азабын көрүп
Күлкү менен кайгыны жең өмүрдү сүрүп
Токтобогон мезгил алга шашылып барат
Талыкбастан ар бир мүнөттү жашагын сүйүп

Тагдырыңа таарынбагын бекем бол
Сени алдыды күтөт бакыт деген кенен жол
Буйрук болсо өткөн күнгө өкүнбө
Жакшы күндүн башталышы билгин өзүңдө

Один комментарий к “Нургиза Момунова — Үмүт тексти”

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *